Быйыл чакан жана орто бизнести колдоо максатында өкмөт жаңы жеңилдетилген насыялоо механизмин ишке киргизди. Бул үчүн Ишкердикти өнүктүрүү фонду Финансы министрлигинен 500 млн сом каражат алып, жылдык 8% менен ишкерлерди каржылоо программасын баштады. Программанын негизги максаты – бизнестин өсүшүнө шарт түзүү, аймактарда ишкердикти жандандыруу, жаңы жумуш орундарын ачуу жана ички өндүрүштү кеңейтүү. Арзан насыяны алуу шарттары тууралуу Ишкердикти өнүктүрүү фондунун төрагасынын орун басары Адилет Маматов айтып берди.