6-ноябрда АКШда Борбор азия мамлекеттери менен Американын кезектеги саммити өттү. Анда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да бир топ маанилүү маселелерди көтөрдү. Борбордук Азия чөлкөмүндө соңку жылдары экономикалык өсүү байкалып, өлкөлөр геосаясий жактан бир топ оң чечимдерди кабыл алышып жана жалпы эле дүйнө саясаты Чыгышты көздөй ыктап турганда, Америка үчүн БАнын мааниси курчуду. Биз бүгүнкү “Күн башат” уктуруусунда болуп өткөн саммиттеги көтөрүлгөн маселелер, экономикалык алакалар жана дүйнөлүк саясаттагы БА мамлекеттеринин орду тууралуу сүйлөштүк.