БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Стамбулдун башкы прокуратурасы Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуга жана бир катар жогорку кызматтагы израилдик расмий жетекчилерге Газа тилкесиндеги геноцид боюнча айып коюп, колго түшүрүү ордерин берди. Бул тууралуу мекеменин расмий билдирүүсүндө айтылганын РИА Новости жазды.
Маалыматка караганда, жалпы 37 адам, анын ичинде коргоо министри Исраэль Кац да геноцид жана адамзатка каршы кылмыштар боюнча айыпталууда.
Прокуратура Израиль бийлигин Газаны массалык бомбалоо, гуманитардык жардамдын жетишине тоскоолдук кылуу жана калкты кырган деп эсептейт.
"Тергөө Израиль октябрь айында "Флотилия стойкости" аттуу гуманитардык миссиянын катышуучуларын кармагандан кийин башталган. Алар Түркияга депортацияланып, дарыгерлер жана психологдордун текшерүүсүнөн өткөн. Анын жыйынтыгы адамзатка каршы кылмыштардын далилдерин көрсөттү", — деп билдирген прокуратура.
Буга чейин БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму Газаны ачарчылык каптаганын жарыялаган. Газанын администрациясы гуманитардык жардам калктын муктаждыгынын 15 пайызын гана камсыздап жатканын билдирген.
Түркия ТИМи Израиль Деңиз-аскер күчтөрүнүн гуманитардык флотилияга каршы аракетин "каракчылык" деп мүнөздөгөн. Президент Режеп Тайип Эрдоган да Нетаньяхуну көптөн бери кескин сындап келет.
Учурда Түркия менен Израилдин соода алакасы расмий түрдө токтотулган. Эки тарап азыр атайын кызматтар аркылуу гана байланышта.