Психикасы жабыркаган адамдан жакындары да чарчайт. Психиатрдын маеги

Республикалык психиатрия жана наркология борборунун психиатр-наркологу, эксперт Кубанычбек Эрмегалиев өлкөдө медицинанын психиатрия тармагына көңүл бурулбай калды деген пикирде. Ал эми психикалык жактан жабыркагандардын саны улам өсүп жатат.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан радиосунда Кубанычбек Эрмегалиев менен жалпы психиатрия тармагынын абалы, коомдогу маселелер тууралуу баарлаштык.
Республикалык психиатрия жана наркология борборунун психиатр-наркологу, эксперт Кубанычбек Эрмегалиев
— Алгач Кыргызстандагы калктын психикалык саламаттыгы тууралуу маалымат берсеңиз.
— Кийинки убактарда психикалык оорулардын саны көбөйүп жатат. Эл арасында "психиатрга барсаң сөзсүз каттоого коёт, эл эмне дейт" деген стигма бар. Ошол себептен невропатологго, үй-бүлөлүк дарыгерлерге барып ар кайсы текшерүүдөн өтүп, аябай кыйналып, акыры бизге келген учурлар болуп жатат. Чет мамлекетте ар бир фирманын, мекеменин өзүнүн психологдору, психиатрлары бар. Бул адистердин саламаттыгын карап, кесиптештер арасындагы мамилени да жакшыртат, стресс, депрессияны алдын алат. Психикалык оорулардын шизофрения, маниакалдык-депрессивдүү психоз (МДП) сыяктуу оор түрлөрү гана каттоого алынат. Каттоого алынбай турган невроз, неврастения, депрессия өңдүү жеңил түрлөрү да кездешет. Бизде 80 орундуу психосоматика бөлүмү бар. Көптөр ошол жактан дарыланып, жакшы болуп кетет. Психиатриялык оорудан эч качан коркуп, уялбаш керек. Канчалык эрте жардам алса, ошончолук тез сакаят. Мисалы, депрессия эки жуманын ичинде өтүп кетиши керек. Эгер андан узакка созулуп кетсе жакындары дарыгерге көргөзүшү зарыл. Болбосо азыр өз жанын кыйган учурлар көп. Айрыкча өспүрүмдөр арасында катталууда. Булардын нервин, психикасын жаш көчөткө салыштырат элем. Көчөткө убагында суу берип, жакшы караса жакшы өсүп кетет. Эгер ар кандай окуяларга кабылып өйдө-төмөн боло берсе, депрессияга батышы мүмкүн. Аскерлердин арасында да өзүнө кол салгандар болуп жатат. Мунун баары эле депрессиядан улам келип чыгууда.
— Быйыл министр дагы калктын 11 пайызы психикалык жактан жабыркай турганын айтты. Элдин психикалык саламаттыгы канча жылда бир изилдөөгө алынып турат?
— Менимче, 11 пайыздан да көп болушу керек. Себеби көбү оорусун жашырып, уялып жүрө беришет. Бизге бейтаптар дарты өтүшүп кеткенде гана келишет. Тез жардам же башка туугандары күч менен алып келген учурлар көбөйүүдө. Канчалык эрте алып келсе, ошончолук жакшы. Жеңил оорулардын көбү жакшы болуп кетет. Психиатрдан коркпош керек. Көбүнчө "кыргызча" дешип молдо, бүбү-бакшылардан шыпаа издейт. Анын ордуна убагында дарыласа жакшы болуп калмак.
Кубанычбек Эрмегалиев: психиатриялык оорудан эч качан коркуп, уялбаш керек. Канчалык эрте жардам алса, ошончолук тез сакаят.
— Психикалык жеңил оорулардын белгилерин айтсаңыз?
— Биринчи кезекте эле уйку качып, жаман түштөрдү көрүп, түн ичинде кыйкырып, чочуп ойгоно баштайт. Жүрүш-турушу да бөлөкчө болуп калат. Ачуусу тез келет, көп урушат. Бир жерде отура албай ары-бери баса берет. Тамакка табити тартпай арыктай баштайт. Сөзү да өзгөрүп, башкалардан айырмаланат. Жүрүш-турушу өзгөргөндө эле жакындары жакшылап карашы керек. Ошондой кезде адам жанын кыйган учурлары көп болот.
— Өзүнө кол сала турган абалга жетип калган адам сыртынан билинеби?
— Сөзсүз. Четтеп, көп нерсеге киришпей, кабагын ачпай, депрессияга батып арыктай баштайт. Мындай учурда жакындары сөзгө тартышы керек. Өзгөчө өспүрүмдөрдүн ата-энеси бала менен сырдаш болгону жакшы, жолун тапса булар ичиндегисинин баарын айтып берет. Ичиндеги уйгу-туйгусун билиш керек. Андан кийин адиске алып баруу зарыл.
— Маалыматтык сабаттуулук деген түшүнүк бар эмеспи. Интернетти ачканда эле көзгө жаман жаңылык же жүрөктү өйүткөн видео илиниши мүмкүн. Мунун өзү да адамдын психикасынын бузулушуна себеп болуп жаткан жокпу?
— Себеп болот. Мисалы, жолдо баратып ыйлабасын деп кичине балага телефон карматып коюшат. Пайдасы менен кошо интернеттин зыяны да бар. Себеби жаш балага тиешеси жок ар кандай маалыматтар да кездешет. Буларды көрө баштаса, анын таасири менен чыргоолонуп ыйлай баштайт. Тамак жегиси келбей телефон талашып калат. Терс таасири тие турган оюндарга кийин баш-оту менен кирип кетип чыга албай, андагы айтылгандардын баарын аткара турган робот сыяктуу болуп калат. Негизи окуучу балага телефонду күнүнө эки саат эле берүү керек. Ошондой эле чоңдор да маалыматты тандап көргөндү үйрөнүшү керек.
— Өлкөдө психикалык саламаттык боюнча алгачкы улуттук стратегия иштелип чыгууда. Мында психиатриянын кайсы тармагына өзгөчө көңүл бурулат?
— Жогоруда психиатрга келгенден көбү качарын айттык. Ошол себептен биз республиканы кыдырып, үй-бүлөлүк дарыгерлерге психикасы жабыркап бараткан адамды кантип аныктап, кандай жардам көрсөтүү керектиги тууралуу семинарларды өткөрүп, окутуп келдик. Себеби ооруп жаткан адам алгач аймактык бейтапканага барат. Учурда медицинада психиатрия тармагы унутулду. Башкаларга салыштырсак, жетим баладай болуп калдык. Бардык көңүл онкологияга, хирургияга, гинекологияга, кургак учукка бурулуп жатат. Бирок бизде да оорулуулар көбөйүп жатпайбы. Техникалык өнүгүү болгондуктан психиатрия, наркология бөлүмдөрүндө да көйгөйлүү маселелер көп. Имаратыбыз эски, айрым бөлүмдөрүбүздө 1980-жылы келген керебеттер турат. Жаңы оорукана курулары айтылууда, көчсөк дарылангандарга да жакшы болмок. Анткени биздин бейтаптар — жан дүйнөсү жапа чеккен адамдар. Айрым учурда эч кимге кереги жок болуп калышат. Үй-бүлөсүн тажатып, тынчтык бербеген кезде жакындары да чарчайт. Туугандары оорукананын алдына таштап качып кеткен учурлар көп эле болот. Айрымдар оорукчан тууганын жаткырып коюп, бир басып келип коюшпайт. Биз 40-45 күн эле дарылашыбыз керек, бирок айлап жаткандар бар. Аларды ооруканадан чыгарып сала албайбыз. Министрликке да айтып жатабыз, гериатриялык борбор, башка айтканда, улгайган адамдардын ден соолугун колдоого же жакшыртууга мүмкүнчүлүк берген атайын мекеме болушу керек, бизде жок. Азыр чоң ооруканалардан Чым-Коргон, Кызыл-Жар, анан Республикалык психиатрия жана наркология борбору гана бул багытта иштеп жатат. Гериатриялык борбор өтө зарыл. Оорунун түрү көбөйдү.
Кубанычбек Эрмегалиев: бардык көңүл онкологияга, хирургияга, гинекологияга, кургак учукка бурулуп жатат. Бирок бизде да оорулуулар көбөйүп жатпайбы. Техникалык өнүгүү болгондуктан психиатрия, наркология бөлүмдөрүндө да көйгөйлүү маселелер көп.
— Кадр маселесичи?
— Бул чоң көйгөй. Маяна аз болгондуктан жаштар келбейт экен. Келсе да бир-эки жыл жакшы тажырыйба топтоп туруп, түз эле Россияга же Казакстанга кетип калып жатышат. Ошондуктан жаштарды кызыктыра албай жатабыз. Чынында психиатрия тармагын тандаган кыргыз балдар азыраак. Башка улуттар үйрөнүп алып кетип калышууда. Аймактарда психиатрлар жокко эсе.
Деменция, Альцгеймер менен ооругандар да көбөйдү. Союз учурунда ата-энесин карылар үйүнө беришчү эмес. Азыр көбү тапшырууда. Айла жок, иштеп, балдарды багуу керек. Алжып калган кишини жаш баладай эле караш керек. Башка арга жок. Убагында алар да мамлекетке кызмат кылышты. Ошондуктан мындай адамдарга мамлекет шарт түзүп бериши зарыл. Чет мамлекетте карыларын эртең менен баланы бакчага алып келгендей алып келип, анан кайра кечинде алып кетишет. Бизде да ошондой шарт керек. Ошол себептен гериатрия бөлүмдөрүн ачуу зарыл. Азыр үйүнөн чыгып, кайра үйүн таппай калгандар көп болууда. Адамдын организми деле эскирет. Ар кимге оору ар кайсы куракта келет. Бул — көп жылдык стресс, депрессиянын жыйындысы.
— Азыркы учурда тубаса неврологиялык оорулар менен төрөлгөн балдар көбөйдү. Ызы-чууну жактырбаган, бат ачууланган, караңгы, күңүрт жайларда өзүн жаман сезип, маанайы бузулган, агрессиясы бар балдарды жакшы мамиле менен жөнгө салса болобу?
— Бул жерде үй-бүлө мүчөлөрүнөн көп нерсе көз каранды. Республика боюнча болгону бизде жалгыз балдар бөлүмү бар. Жүрүш -турушу өзгөрүп калган балдарды алып келишет. Алар менен психологдор, логопеддер иштеп жатышат. Мектептерде психологдордун ишин күчөтүп, логопед кызматын да киргизүү керек болуп калды.
Аскер комиссариаттарында көп жыл иштедим. Психиатр жок болуп калса комиссияга невропатологду отургузуп, бир күндө 50 баланы өткөрүп койгонун көрөбүз. Бирок ал балдар армияга барып, колуна курал кармашат. Союз учурунда буга абдан олуттуу мамиле жасалчу. Психиатрлар дартты адам менен сүйлөшүп гана аныктайт. Психикасы туруксуз баланы армияга жиберип койсо психиатрлар башы менен жооп берчү. Азыр андай катуу текшерүү деле жок. Армияда балдардын жанын кыйган учурларын эшитип эле жүрбөйбүзбү.
Учурда жалпы эл стресс абалында деп ойлойм. Коомдук жайларда бири-бирин жактырбаган, урушкан, кабагын ачпаган адамдар көп. Мамлекеттин экономикасы дагы көтөрүлсө, коом оңолсо, адамдардын да жүрүш-турушу бара-бара өзгөрөт болуш керек.
Ревматизм жүрөк, онкология, баш ооруларын козгойт. Дарыгердин маеги