Мэрия өрттөнгөн "Чатыр-Көлдүн" ордуна маданий борбор салууну сунуштап жатат

Sputnik
БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Бишкек мэриясы жакында эле чатырынан өрт чыгып күйүп кеткен "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна маданий борбор салууну көздөп жатканын муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.
Мэрия токтом долбоорун даярдап, министрлер кабинетине макулдашууга жөнөткөн. Анда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу болгон кинотеатрдын имаратын муниципалдык менчикке өткөрүп алуу каралууда.
1 / 2

Бишкек мэриясы жакында эле чатырынан өрт чыгып, күйүп кеткен "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна маданий борбор салууну көздөп жатканын муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди

2 / 2

Мэрия токтом долбоорун даярдап, министрлер кабинетине макулдашууга жөнөткөн

Муниципалитеттин архитектура башкармалыгы тарабынан объектинин эскиздик планы даярдалган. Өкмөт макул болсо, мэрия күйүп кеткен имаратты бузуп, анын ордуна заманга бап келген маданий борбор курат.

"Мэриянын мындай долбоорлорду ишке ашырууда тажрыйбасы бар. Мисалы, буга чейин "Трудовые резервы" спорт комплекси Билим берүү министрлигинин карамагынан мэрияга өтүп, оңдоп-түзөөдөн кийин "Алга" ден соолукту чыңдоо спорт комплекси катары ишке берилген", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна "Учур" театры үчүн имарат салынарын театрдын жетекчиси Рыскул Боромбаев билдирген. Ал быйыл президенттин тапшырмасы менен беш маданий объектини жаңыртуу пландалганын, тизмеге дал ушул театрдын имараты да киргенин белгилеген.
2010-жылы "Учур" театры Улуттук телерадио корпорациясынан чыгып, Маданият министрлигине өткөндө "Чатыр-Көл" кинотеатрынын имараты аларга берилген.
Радио
Шейшенов: "Учур" театрынын имараты толук оңдоп-түзөөгө муктаж