БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев "Тазалык" ишканасы кышка даяр экенин билдирип, мекеменин базасынын ишин видео менен көрсөтүп чыкты.
Анын жүрүшүндө калаа башчысы ишкананын кампасы инерттик материалдарга, анын ичинде жол тайгалак болбошу үчүн себилчү техникалык тузга толуп турганын тарткан. Учурда 5 479 тонна туз түшүрүлгөнүн айтышты.
"Муну мактанып көрсөтүп жаткан жокмун. Бирок бул кампа ушуга чейин мынчалык инерттүү материалдар менен толтурулган эмес", — деди Жунушалиев.
Ошондой эле кар күрөөгө 92 атайын техника колдонулуп, 1 000ден ашуун жумушчу чыга турганын кошумчалаган. Алардын тиешелүү шаймандары, кийим-кечеги даяр экенин айткан.
Калаа башчысынын кышка камылгасы үчүн "Тазалыкка" ичи чыгып, кызматкерлердин ишке жоопкерчиликтүү мамилесине ыраазылыгын айткан.