БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кызганычтан улам аялы менен кат жазышкан кишиге балта ала чуркап, сөөмөйүн шылып салган. Бул тууралуу Бишкек ШИИББи билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ Улуттук госпиталдын микрохирургиялык бөлүмүнөн шаардык милицияга сөөмөйү шылынган 35 жаштагы Б.Э. аттуу киши түшкөнүн кабарлашкан. Жабырлануучунун айтымында, окуя 6-ноябрда түшкө маал шаардагы үйлөрдүн биринде болгон.
"43 жаштагы Ш.К. аттуу үй ээси Б.Э. аттуу кишини аялы менен телефондон жазышканы үчүн кызганып, чырдаша кеткен. Ш.К. ошол маалда спорттук сумкасынан балта алып чыгып, "экөөңдү тең өлтүрөм" деп Б.Э. аттуу жаранга кол салган. Биринчи сокку жабырлануучунун санына тийип, экинчиси сол колунун сөөмөйүнүн жарымын кесип кеткен", — дешти милициядан.
Окуя боюнча "Адам өлтүрүүгө аракет кылуу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Ш.К. №27 округдан депутаттыкка талапкерлигин койгону жана буга чейин маданият министринин орун басары болуп иштегени айтылды. Инициалдарга Канат Шабданбаев туура келүүдө. Ал Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.