БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Энергетика министрлиги электр энергиясындагы чексиз тарифти сунуштоо маселесине байланыштуу расмий билдирүү таратты.
Буга чейин "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" (КУЭТ) АКсы электр энергиясы жетпей жатса каалоочулар чексиз тарифке өтүп алса болорун билдирген. Бул сунуш коомчулуктун сынына кабылып, президент Садыр Жапаров министр Таалайбек Ибраевди жемелеген. https://sputnik.kg/20251104/prezident-energetika-ministr-zhemeledi-1097620216.html Президент электр энергиясы тартыш болуп жаткан шартта буга жол берилбестигин, коомдо социалдык ажырымды жаратышы мүмкүн экенин белгилеген.
Энергетика министрлигинин билдирүүсү боюнча, жогоруда айтылган демилге алдын ала министрлик менен макулдашылбастан көтөрүлгөн. Буга байланыштуу ишканага териштирүү жүргүзүү боюнча кат жолдонгон. Натыйжада КУЭТтин башкы директору Ильгиз Садыгалиев менен анын орун басары Уларбек Дүйшө уулуна сөгүш берилип, электр энергиясын сатуу башкармалыгынын жетекчиси Исабек Орозбаев кызматынан бошотулду.
Министрликтен ишканага калкка үзгүлтүксүз электр энергиясын берүү тапшырмасы коюлганын кошумчалашты.