БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Батыштын атайын кызматтарына таандык документтерде Россияны ичинен козутуу тапшырмасы коюлганы жазылган. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин улуттар аралык мамиле боюнча кеңештин жыйынында билдиргенин РИА Новости жазды.
Айтымында, анын колунда аталган документтердин көчүрмөсү турат.
"Батыш мамлекеттеринин атайын кызматтарынын жана алардан акча алып иштеген чет элдик борборлордун документтеринин көчүрмөсүндө улуттар аралык жана диний түшүнүктүн негизиндеги жаңжалдарды шарттоо менен Россияны ичинен козутуу тууралуу ачык эле айтылат. Муну ар улуттагы жарандарыбыздын баары билиши керек", — деди Путин.