Путин өзөктүк сыноолорду жүргүзүү ыктымалдыгына даярдыкты кароону тапшырды

Sputnik
БИШКЕК, 5-ноя. —Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Коопсуздук кеңештин жыйынын өткөрүп, өзөктүк сыноолорду жүргүзүү ыктымалдыгына болгон даярдыкты карап чыгуу үчүн зарыл маалыматты топтоону жана анализ кылууну тапшырды.
Путиндин кебинин урунттуу учурлары:
Путин Трамптын өзөктүк сыноолор боюнча айткандары олуттуу маселе экенин белгилеген;
РФ коргоо министри Вашингтон стратегиялык чабуул коюучу куралдарды көбөйтүп жатканын айткан;
АКШ жыл аягында орто аралыкка ата алган, гиперүндүү, 5,5 миң чакырымды мээлей алган Dark Eagle ракеталык комплексин алууну пландоодо. Келечекте аларды Европа, Азия жана Тынч океан аймактарына жайгаштыруу мерчемделип жатат;
министр Андрей Белоусов "Новая земля" полигонунда өзөктүк сыноолорго тезинен даярдык көрүү туура деп эсептейт;
Путин Россия "Өзөктүк сыноолорго ар тараптан тыюу салуу жөнүндө келишим" боюнча милдеттенмелерди аткарып жатканын, бирок анын башка катышуучулары өзөктүк сыноолорду өткөрсө тийиштүү жооп чараларын көрүшү керектигин белгиледи.
Полигондорубуз дайыма даяр турат. Шойгунун эл аралык фестивалдагы сөзү