Жогорку сот: өлүм жазасынын кирер-кирбесин эл чечиши керек

Sputnik
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Өлүм жазасын киргизүүнү эл өзү чечиши керек. Бул тууралуу Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев "Биринчи радиого" берген маегинде айтты.
Анын айтымында, соттор кабыл алынган мыйзамды аткарууга милдеттүү.
"Өлүм жазасын эл өзү референдум аркылуу кабыл алат. Өмүр бою эркинен ажыратуубу же өлүм жазасын киргизүүбү, эл өзү тандайт. Соттор кабыл алынган мыйзамды аткарат, биз буга милдеттүүбүз", — деди Сатыев.
Төрага маегинде аялдар менен балдарга карата жасалган кылмыштар үчүн жаза күчөтүлүшү керектигин кошумчалады.
Эскерте кетсек, өлүм жазасын кайра киргизүү тууралуу сентябрдын аягында Ысык-Көлдө 17 жаштагы Айсулуу Мукашеванын мыкаачылык менен өлтүрүлүшүнөн кийин айтыла баштаган. Окуя боюнча билдирүү жасаган президент Садыр Жапаров жаш балдарды зордуктагандарды, кыз-келиндерди зордуктап өлтүргөндөрдү өлүм жазасына тартуу нормасын киргизүүнү сунуштаган. Конституцияга киргизилчү өзгөртүү 13-октябрда коомдук талкууга илинген болчу.
Анткен менен БУУ баштаган эл аралык уюмдар, Акыйкатчы институту өлүм жазасын кайтаруу Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерине, өлкө 2010-жылы ратификациялаган Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пактынын өлүм жазасын жоюуга багытталган Экинчи факультативдик протоколуна каршы келерин белгилеп, демилгени артка чакыртып алууга үндөп келишет.
Жапаров эмне үчүн өлүм жазасын киргизүү керектигин түшүндүрдү