"Номад-ТВ" телеканалынын башкы редактору пикселдик студия тууралуу айтып берди

Sputnik
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. "Номад-ТВ" телеканалынын башкы редактору Наталья Кролевич журналисттерге "Ала-Тоо" аянтынын түштүк тарабында жайгашкан пикселдик студияны көрсөтүп, эмне үчүн дал ушул жерге орнотулганын айтып берди.
Ал бул конструкция башкы аянтта бир нече ай турарын, андан кийин демонтаждалып, башка шаарга көчүрүлөрүн белгиледи.
Башкы редактор мындай көчмө павильондор дүйнө жүзү боюнча кеңири тараган практика экенин, ири телеканалдар тарабынан окуяларды чагылдыруу үчүн колдонуларын айтты.
1 / 5

"Номад-ТВ" телеканалынын башкы редактору Наталья Кролевич журналисттерге "Ала-Тоо" аянтынын түштүк тарабында жайгашкан пикселдик студияны көрсөтүп, эмне үчүн дал ушул жерге орнотулганын айтып берди

2 / 5

Ал бул конструкция башкы аянтта бир нече ай турарын, андан кийин демонтаждалып, башка шаарга көчүрүлөрүн белгиледи

3 / 5

Башкы редактор мындай көчмө павильондор дүйнө жүзү боюнча кеңири тараган практика экенин, ири телеканалдар тарабынан окуяларды чагылдыруу үчүн колдонуларын айтты

4 / 5

Борбор калаанын башкы аянтындагы студия ноябрда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону жана ЖККУ саммитин чагылдыруу үчүн колдонулат

5 / 5

Анда профессионалдык жабдуулар, жарыктандыруу орнотулуп, интервью алуу үчүн аянтча уюштурулган. Телеканалдын алып баруучулары бул жерде түз эфирлерди өткөрүүнү жана коноктордон маек алууну пландап жатат

Борбор калаанын башкы аянтындагы студия ноябрда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону жана ЖККУ саммитин чагылдыруу үчүн колдонулат. Анда профессионалдык жабдуулар, жарыктандыруу орнотулуп, интервью алуу үчүн аянтча уюштурулган. Телеканалдын алып баруучулары бул жерде түз эфирлерди өткөрүүнү жана коноктордон маек алууну пландап жатат.
Мындан тышкары, редакция ары-бери өткөн жарандарга сүрөткө түшүү же кыска видеолорду тартуу үчүн мини пиксель орнотууну көздөөдө.
Журналистика беделдүү медиатоптун көзү менен. Кыргызстандыктар РФте билимин бекемдеди