БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Бишкекте ата мекендик спортчулар үчүн "Мүрөк" аттуу медициналык жана реабилитациялык борбор ачылат. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди.
Ал ФИФА жана Эл аралык спорттук медицина федерациясынын талаптарына жооп берет. Бул жерде спортчулар диагностика, дарылоо, реабилитация жана спортко кайтуу процессинен өтө алышат.
Анын ачылышы спорттук уюмдардын чет өлкөдө дарыланууга жана калыбына келтирүүгө кеткен чыгымдарын кыйла кыскартууга мүмкүндүк берет. Борбордо лабораториялар, машыгуу залы, бассейн, физиотерапиялык жана диагностикалык кабинеттер болот.
КФС борборду футбол боюнча улуттук курама командалар (бардык курактагы) үчүн туруктуу медициналык база катары колдонууну пландап жатат. Курулуш иштери 2026-жылы бүтөт.