БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Бишкекте кошунасын "атып салам" деп коркуткан киши кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинен кабарлашты.
Окуя Жумушчулар шаарчасында 30-октябрда болгон. Э.Б. аттуу тургун анын кошунасы себепсиз эле эки жолу ок чыгарып, сөгүп-сакканын айткан. Видеодон милиция кызматкери кишини багынууга үндөп, акырындан көндүргөнүн көрүүгө болот.
Натыйжада Д.Н. аттуу 51 жаштагы куралчан киши кармалып, аңчылыкка колдонулган куралы, пневматикалык курал жана эки гильза алынган.
Укук коргоо органдарындагы ишенимдүү маалымат булактын айтымында, шектүү куралдан ок чыгарып, "өлтүрөм" деп кыйкырган. Кырсык болуп кетпеши үчүн жерине Ленин РИИБинин жетекчиси Азамат Байгазиев спецназ менен барган.
Куралчан киши убактылуу кармоочу жайга киргизилди.