Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Евробиримдиктин үч өлкөсү Россиянын активдерин Украинага берүүгө каршы чыкты

Sputnik
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Евробиримдикке кирген үч мамлекет Украинаны колдоо үчүн Россиянын тоңдурулган активин колдонууга чакырган көпчүлүктүн позициясына каршылыгын билдирди. Бул тууралуу италиялык Corriere della Sera гезити жазып чыкты.
"Италия менен Франция Россиянын тоңдурулган каражатын Украинага берүү сунушун колдогон жок. Буга эгер эл аралык сот акчанын берилишине нааразы болгон Москванын кинесин мыйзамдуу деп тапса мойнуна илине турган финансылык жоопкерчиликтен кооптонуп жатышы себеп болушу мүмкүн. Бельгия да ушундай эле жүйө менен демилгени колдоодон баш тарткан, Анын үстүнө каражаттын басымдуу бөлүгү Брюсселдеги Euroclear платформасында сакталып турат", — деп айтылат макалада.
Автор Владимир Зеленскийдин куралдануу боюнча атайын кеңешчиси Александр Камышиндин сөзүнө таянып, Украинанын коргонуу өнөр жайы каражаттын жетишсиздигинен мүмкүнчүлүгүнүн үчтөн бирин гана пайдаланып жатканын белгилеген. Мындан улам Европада турган Россиянын 140 миллиард евросу Украина үчүн зарыл каражат деген жыйынтыкка келүүгө болот.
Буга чейин батыш ЖМКлары Евробиримдик январдан июлга чейин Украинага Россия банкынын тоңдурулган активинен түшкөн кирешенин эсебинен 10,1 миллиард евро бөлгөнүн жазышкан. Сентябрда Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Киевге аталган активдин эсебинен жаңы насыя берүүнү сунуштап, карызды Украина Россиянын "репарациясынан" кийин кайтарарын белгилеген.
Москва мындай демилгелерди уурулук деп атап, мында кеп жеке адамдардын эле эмес, Россиянын мамлекеттик активдери тууралуу сөз болуп жатканын айтып келет.
Евробиримдиктин каражатты тоңдурганына жооп иретинде Москва кастарын тиккен өлкөлөрдөн келген инвесторлордун каражатын "С" тибиндеги атайын эсепке котортууда. Андан акчаны өкмөттүк комиссиянын уруксаты менен гана чыгарууга болот.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинанын согушка деген каражаты качан түгөнөрү айтылды