БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. "Улуттук электр станциялары" ишканасынын директорунун орун басары Уларбек Дүйшө уулу бир үйдү мисал келтирип, электр кубатынын автоматтык өчүшүн кантип алдын алууга болорун көрсөтүп берди.
Буга чейин октябрдан мартка чейин өлкөдө эртең мененки жана кечки убактарда электр энергиясынын кубаттуулугу 5тен 3 кВтка чейин төмөндөй турганы айтылган
Дүйшө уулунун айтымында, эгерде тышкы жана ички жарыктар, муздаткыч, телевизор, электр меши бир учурда иштесе, жалпы кубаттуулук 4,6 киловатт боло турганын айтып, көрсөтүп берген.
Ал электр кубаты эң көп колдонулган учурда мунун бардыгын жапырт иштетпөөнү эскерткен.
Жетекчи эсептегичтер автоматтык түрдө өчүп калганда 20-30 сомдон акча кошулуп турат деген сөздү жокко чыгарган.