БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Палестинанын эли жасалма жол менен пайда болгон ачкачылыкты баштан кечирүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.
Белгилей кетсек, учурда Катардын Доха шаарында Социалдык өнүгүү боюнча II дүйнөлүк саммит өтүүдө. Ага Эдил Байсалов жетектеген Кыргызстандын делегациясы катышып жатат.
Минкаб төрагасынын орун басары саммиттин алкагында өткөн Ачкачылыкка жана жакырчылыкка каршы күрөшүү боюнча глобалдык альянстын лидерлеринин биринчи жыйынында сүйлөдү.
"Дүйнө жүзү боюнча жүз миллиондогон адам ачкачылыктан, жакырчылыктан жапа чегүүдө. Бул — адамгерчиликти жана чечкиндүү жамааттык аракеттерди талап кылган трагедия. Биз алардын азап-кайгысын жеңилдетүү үчүн колдон келгендин баарын кылууга милдеттүүбүз. Бирок өзгөчө тилектештик сөздөрү Палестина элине арналат. Алар бүгүнкү күндө 100 пайыз жасалма жол менен пайда болгон ачкачылыкты — эл аралык кылмыштын бир түрүн баштан кечирүүдө", — деди ал.
Байсалов Кыргызстан Ачкачылыкка жана жакырчылыкка каршы күрөшүү боюнча глобалдык альянска кошулганын белгилеп, миллиондогон адамдар жашоо жана тамактануу укугунан ажыратылганына адамзат чыдабай турганын кошумчалаган.
Ачкачылыкка жана жакырчылыкка каршы күрөшүү боюнча глобалдык альянс 2024-жылы Рио-де-Жанейродо өткөн G20 саммитинде түзүлгөн. Учурда анын курамына 104 мамлекет кирет.