Асман шаарын жеке курулуш компаниялары курары айтылдыБишкекте «Кыялымдагы Кыргызстан» форуму өтөтСадыр Жапаров Египетке сапар алып, Африкага барган биринчи президент болотАлдыда кененирээкПрезидент Садыр Жапаров 4-5-ноябрь күндөрү расмий сапар менен Египетке бара турганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталиптин айтымында, визит Египеттин лидери Абдель Фаттах Ас-Сисинин чакыруусу менен уюштурулуп жатат. Бул мамлекет башчысынын өлкө эгемендик алгандан бери Африка континентине болгон алгачкы расмий сапары болмокчу. Тараптар күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашат. Сапардын алкагында экономика, айыл чарба, инвестиция, энергетика, саламаттык сактоо жана башка багыттар боюнча бир катар эки жактуу документтерге кол коюу каралганы айтылды.
Ысык-Көлгө түшө турган Асман шаарын жеке курулуш компаниялары курарын Sputnik агенттигине Улуттук инвестиция агенттигинин жетекчиси Равшан Сабиров билдирди. Анын айтымында, шаар этап-этабы менен салынат."Курулуш компанияларынын бирине 100 гектар, экинчисине 80 гектар жер бөлүндү. Асман шаарынын жалпы аянты — 4 миң гектар. Жаңы калааны курууга бардык курулуш компанияларын чакырабыз, шарттар баарына бирдей. Каалоочулар жетекчиликке кайрылса болот", — деди Сабиров. Эске салсак, 2023-жылдын июнь айында өлкө башчы Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү Асман шаарынын курулушуна капсула салган. Калааны кура турган инвесторлор бул шаар "акылдуу", коммерциялык, спорттук жана оюн-зоок секторлоруна бөлүнөрүн айтышкан.
Үстүбүздөгү жылдын 10-ноябрында Бишкек шаарындагы кичи аренада Жаштар күнүнө карата «Кыялымдагы Кыргызстан» аттуу форум өтөт. Маданият министрлигинен билдиришкендей, иш-чаранын максаты — активдүү жана таланттуу жаштар үчүн тажрыйба алмашуу жана өнүгүү аянтчасын түзүү. Форум жаштар уюмдарын, активисттерди жана ишкерлерди бириктирүүнү, жаштардын социалдык, экологиялык, маданий жана технологиялык демилгелерин көрсөтүүнү, жаштар менен мамлекеттик органдар ортосунда диалогду өнүктүрүүнү көздөйт. Форумга жаш лидерлер, ишкерлер, стартап негиздөөчүлөр, илимий жана чыгармачыл жаштар, студенттер, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жаштар уюмдарынын жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышат. Жалпысынан 5000ден ашуун катышуучу чогулмакчы.
Курск облусундагы Суджа шаарынан Украина Куралдуу күчтөрүнүн колунан каза тапкан 300 тургундун сөөгү чыгарылды. Бул тууралуу Россиянын Тергөө комитетинин аскердик-тергөө органынын кызматкери Александр Глухаревго таянуу менен РИА Новости кабарлады. "300 кишинин сөөгүн чек арага жакын аймактардан алып чыктык. Алгач моргго жеткирилди, экспертизадан өткөрүлгөндөн кийин сөөктөр жакындарына тапшырылды", — деген маектеш. Анын айтымында, августтан бери издөө иш-чаралары да уюштурулуп, анын жүрүшүндө украин согушкерлери тарабынан мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 112 кишинин сөөгү табылып, эксгумацияланган. "Табылган сөөктөр таанылып-таанылбаганы көрсөтүлүп, реестрге киргизилет. Андан кийин шаардын моргуна жөнөтүлөт. Ушундан соң ДНКсы алынып, тиешелүү аракеттер көрүлөт", — деген кызматкер.