БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Каракол мамлекеттик жаратылыш паркынын кире беришине экопост коюлду. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында паркка барып, анын ишин көргөн.
Экопосттун максаты — экологиялык коопсуздукту камсыздоо, таштанды таштоону жана жаратылыш ресурстарын мыйзамсыз пайдаланууну алдын алуу.
Паркка кирүүнүн акысы жеңил унаалар үчүн — 200 сом, ал эми оор жүк ташуучу жана эл ташуучу унаалар үчүн 800 сом деп белгиленди.
Парк өткөн жылы президенттин иш башкармалыгына өткөрүлгөн. Жалпы аянты 38,2 миң гектар. 2024-жылы мекеменин кирешеси 7,87 миллион сомду, ал эми 2025-жылдын тогуз айында 18,5 миллион сомду түзгөн.