Кыргызстанда электр энергиясынын кубаттуулугу эки маал төмөндөтүлүп турат

Sputnik
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Эртең менен жана кечинде, электр энергиясын керектөө күчөгөн маалда, эсептегичтердин кубаттуулугуна чектөө киргизилиши мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызстандын "Улуттук электр станциялар тармактары" ишканасынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, саат 07:00дөн 09:00гө чейин жана 18:00дөн 21:00гө чейин кээ бир подстанциялар ашыкча жүктөм менен иштейт.

“Подстанцияда ашыкча жүктөм катталган учурда анын ишенимдүү жана туруктуу иштешин камсыз кылуу үчүн эсептегичтеги кубаттуулук автоматтык түрдө 5тен 3 кВт көлөмгө чейин төмөндөтүлөт”, деди ишкана.

Белгиленген сааттарда жылыткычты, үтүктү, кир жуугуч машинаны же башка шаймандарды бир убакта колдонбоо сунушталат.

"Бул убактылуу чектөө электр энергиясын пайдалануу эрежелеринин 79-пунктунда, ошондой эле ишкана менен керектөөчүлөрдүн ортосунда түзүлгөн келишимде каралган", дешти энергетиктер.

Алар ошондой эле кыргызстандыктарды электр энергиясын сарамжалдуу жана үнөмдүү пайдаланууга чакырышты.
Бийлик кыргызстандыктарды электр кубатын үнөмдөөгө чакырды