Бишкектеги окуучулар шаурмага массалык ууланды. Министрликтин маалыматы

Sputnik
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Кечээ, 31-октябрда, Бишкектеги жеке мектептердин бириндеги окуучулар шаурмага жапырт ууланып калды. Маалыматты Саламаттык сактоо министрлиги тастыктады.
Ведомство Республикалык клиникалык жугуштуу илдеттер ооруканасына кечээ саат 22:30дан тарта тамак-ашка ууланган (кусуп, ичи өткөн) 58 адам кайрылганын билдирди. Алардын төртөө чоң адамдар, калганы балдар болгон.

“Кайрылгандардын баары 31-октябрь күнү саат 12:00дөн 13:00гө чейин мектептердин бириндеги ашканадан шаурма жегени аныкталды”, деп айтылат маалыматта.

Кайрылгандардын арасынан тогуз адам (7 бала, 2 чоң киши) ооруканага жаткырылган, бардыгынын тең абалы туруктуу;
49 адамга медициналык жардам көрсөтүлүп, амбулатордук дарыланууга үйлөрүнө жөнөтүлгөн;
Бейтаптардын баарынын ашказаны жуулуп, керектүү анализдер алынган.
Саламаттык сактоо министрлиги Санитардык-эпидемиологиялык кызмат окуя боюнча териштирүү иштерин баштаганын белгиледи.
Кафе-ресторанда тейлөө акысын жоюу көмүскө экономиканы азайтат. Адистин маеги