УКМК ДНК-анализдер боюнча жарандарга акы төлөгөн кызмат көрсөтөт

Sputnik
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. УКМКга соттук-экспертизалык, криминалисттик, анын ичинде ДНК-анализдерди келишим менен жүргүзүүгө укук берилди. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Садыр Жапаров "Улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" мыйзамга кол койду.
Анда ведомствонун эксперттик-аналитикалык кызматтарды, экспертизаны ыкчам иликтөөдө эле эмес, ведомство же уюмдар аркылуу жарандардын сурамы менен көрсөтө тургандыгы айтылган. Акысы мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча мыйзамдарда белгиленгендей болот.
Түзөтүүнүн демилгечилери 2024-жылы УКМКнын бөлүктөрүнүн биринде адамдын ДНКсына анализ жасаган лаборатория ачылганын билдиришти. Бул биологиялык текти аныктап, криминалисттик экспертизаны жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ал — мындай багыттагы өлкөдө ачылган бирден-бир жай. Кыргызстандыктардын көбү генетикалык иликтөө жүргүзүш үчүн адатта чет элдик адистерге кайрылып келишкен.
"Мындай анализ жүргүзүү оор жана өзгөчө оор кылмыштарды алдын алып, бетин ачууда заманбап жана майнаптуу ыкмаларды издөөдө маанилүү чечим болуп саналат", — деп айтылган.
Мыйзам жарыялангандан 10 күндөн кийин күчүнө кирет.
УКМК акы төлөнүүчү ДНК-изилдөөлөр кызматын көрсөтүүнү пландап жатат