БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Россиянын полигондору зарылдык жаралса дароо колдонууга даяр турат. Бул туурасында РФтин Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу Москва шаарында өтүп жаткан "Россия жана КМШ элдери" аталышындагы эл аралык фестивалда айтканын РИА Новости жазды.
"Полигондорубузду каалаган учурда колдонууга ар дайым даяр турсун деп шайма-шай кармап келебиз", — деген ал.
Коопсуздук кеңешинин катчысы токтолгон урунттуу учурлар:
"Буревестник" менен "Посейдон" капыстан эле пайда боло калган жок, жаңылык эмес. Владимир Владимирович (Путин — ред.) бул туурасында 2018-жылы эле Федералдык жыйынга кайрылып жатканда айткан;
сыноолор бир дагы мамлекетте бир күн да, бир саат да токтой элек. Бирок болгону алар эсептөө техникасын колдонуу жагынан жүргүзүлүп келет. Тагыраагы, физикалык сыноолор эмес, математикалык моделдер түрүндө десем болот;
АКШ президенти Дональд Трамптын өзөктүк сыноолор боюнча айтканы стратегиялык туруктуулукка таасир этүүдө. Бул улам тереңдеп, аны чектөө боюнча макулдашуулардын кедеринен кетишине көмөктөшпөсө болду;
бүгүн глобалисттер коомго "баары сатылат" деген ишенимди, абсолюттук жекеликти, цинизм менен ырайымсыздыкты тынымсыз таңуулоодо. Ушундай идеяларга сугарылган адам ички дүйнөдөн, ой-туюмдан ажыраган керектөөчүгө айланып калат. Мындай адамды буйлалап алуу, башкаруу оңой.
"Россия жана КМШ элдери" эл аралык фестивалы быйыл биринчи жолу Москвада башталды. Иш-чара Россияда 4-ноябрда белгилене турган Элдердин биримдик күнүн утурлай РФ Коопсуздук кеңешинин колдоосу менен өтүп жатат.