Легендалуу "Варяг" жана анын 40 мүнөттүк тарыхый салгылашуусу. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. 1899-жылы 31-октябрда легендалуу "Варяг" крейсери сууга кое берилген. Ал замбирек жана торпедо куралдары менен жабдылып, Россиядагы эң тез жүргөн крейсер болгон.
"Варяг" эмнеси менен легендага айлангандыгын кыскача айтып беребиз.
1902-жылы "Варяг" Порт-Артурга келип, орус-япон согушунун алдында кызмат өтөгөн. Ал эми аталган кармаштын өзүнө болгону 40 мүнөт катышкан.
"Багынып берүү боюнча кеп болбошу керек. Крейсерди да бербейбиз, өзүбүз да багынбайбыз, акырына чейин турабыз", — деген "Варягдын" капитаны Всеволод Руднев.
Япондордун жети кемеси каршы тургандыктан "Варягдын" курчоону жарып өтүп кетүүгө мүмкүнчүлүгү жаралган эмес.
Тозоктун отундай болгон ал согуштан 40 мүнөт өтпөй, "Варяг" куралдарынын жарымы менен кошо иштен чыккан. Башкара турган рулу эпке келбей калып, суу кире баштайт. Ыкчам кеңешүүдөн кийин душман олжолоп кетпеши жана жарылып калбашы үчүн аны чөктүрүүнү чечишет.
Бул согушта жеңүүгө такыр эле мүмкүчүлүк жаралган эмес, бирок кайткан моряктарды баатыр деп тосушкан.
Командирдин ошол кездеги рапортун окусак, "Варяг" болушунча кармашкан. Кыска аралыкта эле япониялык аскердик күчтөрдү карай 1,1 миң снаряд кое берген. Кийин капитан Руднев Ыйык Георгийдин IV даражадагы орденине татыган. Ал эми япон императору Муцухито анын баатырлыгына тан берип, урматын билдирип, Күн Чыгыштын II даражадагы орденин жөнөткөн. Руднев бул сыйлыкты кабыл алганы менен эч качан тагынган эмес.
"Варяг" бүгүн Тынч океан флотунун флагманы. Башкы куралы — өзү атылган П-1000 "Вулкан" аттуу канаттуу ракетасы. НАТОдо мындай класстагы орус аскердик кемелерин "авиажүктөгүчтөрдүн ажалы" дешет. Ал эми АКШнын Деңиз аскерлеринин музейи өзүнүн флотун "Варягдын" сүрөтүн колдонуп куттуктап келет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Дүйнөлүк океандагы артыкчылык. РФтин Каспий флотилиясына мүнөздөмө