Кыргызстан ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү боюнча алдыда

Sputnik
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Кыргызстан өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү боюнча ЕАЭБде биринчи орунда турат. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын сайтында кабарланды.
Январдан августка чейин республиканын көрсөткүчтөрү 11,5 пайызга өскөн.
Ал эми Казакстан ошол эле мезгилде 7,6 пайызга өсүү менен экинчи орунда турат.
ЕЭК жана КМШ статистика жүргүзүүдө кызматташат