БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Камчыбек Ташиев Манас калаасындагы аэропорттун ордуна, тагыраагы, 80 гектар жерге жаңы типтеги ири шаар куруларын айтты.
УКМК төрагасы Манас шаарына КМШнын Чек ара аскерлеринин командачылар кеңешинин 91-отурумуна катышуу үчүн барган. Ал сапарынын алкагында мэр менен жолугуп, бир нече объектилерди да көрдү.
"Ал жерге 30 миң адамга ылайыкталган стадион да салынат. Келерки жылы аймак бошотулары менен жумуш башталат", — деди УКМК башчысы.
Учурда Жалал-Абад облусунда Фергана өрөөнүндөгү эң ири эл аралык аэропорт курулууда. Азыр иштеп жаткан аба майданы ошол жакка көчүрүлөт.