Бишкекте жылуулук 3-ноябрдан тарта бериле баштайт

Sputnik
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Бишкек шаарында жылуулук 3-ноябрдан тарта бериле баштайт. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Муниципалдык ишканалардын бардыгы шаардын объектилерине жылуулукту өз убагында туташтырууга толук даяр экени белгиленди.
Жылуулук алгач соцобъектилерге, андан кийин көп кабаттуу үйлөр менен жеке секторго берилет.
Катуу суук болобу? Ноябрга карата аба ырайы