ЕЭК жана КМШ статистика жүргүзүүдө кызматташат

Sputnik
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Евразиялык экономикалык комиссия менен КМШнын статистика жаатында кызматташуусу талкууланганын ЕЭК билдирди.
Маалыматта ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Данияр Иманалиев КМШнын Статистика комитетинин төрагасы Константин Лайкам менен жолугушканы айтылат.
Тараптар статистикалык маалыматтарды санариптештирүү, бирдиктүү маалымат стандарттарын киргизүү маселелерин талкуулап, SDMX форматындагы бирдиктүү статистикалык реестрди түзүү идеясын колдошкон.
SDMX (Statistical Data and Metadata eXchange) — бул БУУ, ЭВФ, Дүйнөлүк банк жана башка эл аралык уюмдар иштеп чыккан статистикалык маалыматтарды алмашуу стандарты.
Мисалы, эгер уюмга мүчө өлкөлөр калктын саны, инфляция же экспорт тууралуу маалымат жөнөтсө, ар бир өлкөнүкү өз форматында келсе, аларды салыштыруу кыйын болот. Ал эми маалыматтар бирдиктүү форматта чогулса, баары бир эле шаблон боюнча берилип, компьютер аларды автоматтык түрдө окуйт, эл аралык уюмдар маалыматты тез жана так салыштыра алат.
ЕЭК Россиядагы мигранттардын үй-бүлөсүнө да медкызмат көрсөтүүнү демилгеледи