БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Өлүм жазасын кайтаруу зордук-зомбулук көйгөйүн чечпейт. Бул тууралуу акыйкатчы Жамиля Жаманбаева БУУнун туруктуу координатору Антье Граве жана БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссариатынын Борбор Азиядагы аймактык өкүлү Матильда Богнер менен болгон жолугушууда билдирди.
Акыйкатчы ИИМдин маалыматына таянуу менен аялдарга жана балдарга карата жасалган кылмыштардын саны жыл сайын 30 пайызга көбөйүп жатканын белгилеген. Ошону менен катар эле 2024-жылы институтка келип түшкөн кайрылуулардын 64,1 пайызы сот жана укук коргоо органдарынын ишмердигине байланыштуу болгонуна токтолду.
"Биз коомдун каргашалуу окуяларга болгон кескин реакциясын түшүнүп жатабыз, бирок өлүм жазасы көйгөйдү чечпейт деп эсептейбиз. Андан көрө тергөөнүн сапатын жакшыртып, кылмышкердин кутулуп кетпей жазаланышын камсыздап, алдын алуу чараларын күчөтүү зарыл", — деген Жаманбаева.
Акыйкатчы өлүм жазасын кайтаруу Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерине, өлкө 2010-жылы ратификациялаган Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пактынын өлүм жазасын жоюуга багытталган Экинчи факультативдик протоколуна каршы келерин белгиледи.
БУУнун өкүлдөрү акыйкатчынын пикирин колдоп, өлүм жазасын кайтаруу Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерине каршы келерин эскертти. Аны менен бирге өлкөнүн эл аралык аброюна да доо кетирерин кошумчалашты.
Эскерте кетсек, сентябрдын аягында Ысык-Көлдө 17 жаштагы Айсулуу Мукашеванын мыкаачылык менен өлтүрүлүшүнөн кийин президент Садыр Жапаров өлүм жазасын кайтарууну сунуштаган. Конституцияга кирчү өзгөртүү 13-октябрда коомдук талкууга илинген болчу.