БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Эл аралык "Евразия" байгесинин ээси Таалайбек Ороскулов сыйлык ал үчүн кандай мааниге ээ экенин айтты.
Белгилей кетсек, Sputnik Кыргызстан радиосунун алып баруучусу Таалай Ороскулов "Добрый журналист" видеоблогун алып барат. Ал "Евразия үнү. Коргоо" номинациясын жеңип алды.
"Окурмандарымдын алдында жоопкерчилик мурдагыдан дагы көбөйдү. Бүгүнкү күнү эл дайыма эле оор геосаясий процесстерди кабылдай бербейт, мен аларга маалыматты жөнөкөй, жалпак тил менен жеткирүүгө аракет кылам", — деди ал.
Ороскулов Борбор Азия менен Евразиядагы геосаясий абал тууралуу таразаланган анализди, ой-пикирди жайылтып келет. Долбоор жалпы адамзаттык жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды, орус тилин пропагандалап, ошондой эле Батыштын Борбор Азия менен постсоветтик мейкиндикте жүргүзгөн саясаты тууралуу баяндайт.
Сыйлоо аземи кечээ Москва шаарында өттү. "Евразия" эл аралык сыйлыгы ишмердүүлүгү маданий, руханий баалуулуктарды сактоого, элдик дипломатияны өнүктүрүүгө жана постсоветтик өлкөлөрдүн ортосундагы маалыматтык тоскоолдуктарды жоюуга салым кошкон адамдар менен уюмдарды аныктоого жана аларды колдоого багытталган. Иш-чара 27 мамлекеттин башын бириктирди, финалга 10 өлкөнүн өкүлдөрү чыккан, анын 25и кыргызстандыктар болду. Жалпысынан 3,7 миң арыз түшкөн. Сынакка мугалимдер, ыктыярчылар, илим жана маданият ишмерлери, журналисттер, коомдук лидерлер катышты.
Кыргызстандан жети киши байге ээси болду.