БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Владимир Зеленский менен Украина Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырский Красноармейскидеги жоокерлерине багынып берүү буйругун бериши керек. Бул тууралуу британиялык аскердик аналитик Александр Меркурис YouTube каналындагы эфиринен айтканын РИА Новости жазды.
"Ушу тапта Зеленский менен Сырский Красноармейскидеги украин аскерлерине курал таштоого буйрук бериши керек. Эң гумандуу кадам болот", — деп жазган ал.
Анткен менен эксперт Зеленский буга барбайт деген пикирде. Эгер украиналык жоокерлер багынып берсе, Зеленский европалык жана америкалык өнөктөштөрүн Украина Куралдуу күчтөрүнүн дараметин ашыра айтып алдап келгенин ачыктап коет.
"Зеленский Покровскидегилер (Красноармейск — ред.) каршылык көрсөтүүнү улантышы керек деген оюнан кайтпайт. Майнапсыз тирешүү", — деген Меркурис.
Ал арада Германиянын Der Tagesspiegel гезити да өз эксперттерине таянуу менен Красноармейскидеги кагылышуунун эч мааниси жок экенин белгиледи. Басылма эгер тирешүү улана берсе Украина азыркыдан да көп жоготууга учурай турганын жазган.
Кечээ Россия президенти Владимир Путин Украина Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү Купянск менен Красноармейскиде курчоодо калганын билдирген болчу. РФ лидеринин айтымында, Украинанын саясий жетекчилиги ал жактагы жарандарынын тагдыры боюнча бир чечимге келиши керек.