31-октябрга карата аба ырайы

31-октябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Жума күнү республика аймагында күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй жана Талас аймагында +18...+23, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +17...+22, Ысык-Көл жана Нарын өрөөндөрүндө +10...+15 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +18…+20, Ош шаарында +19...+21 градуска көтөрүлөт.
Өлүм жазасы зомбулук көйгөйүн чечпейт. Акыйкатчы БУУнун өкүлдөрү менен жолукту