Песков: Евразия эли башкалардын аларды бөлүп-жаруусуна жол бербейт

Sputnik
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Евразия эли аларды бөлүп-жарууга жол бербестигин РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Москвада өтүп жаткан "Евразия" эл аралык сыйлыгын тапшыруу аземинде айтты.

"Россияда Евразияны биздин үйүбүз деп эсептейбиз. Аны көздүн карегиндей сактайбыз. Евразияда өлкөлөр, элдер арбын. Бардыгыбыздын тарыхыбыз да, азыркыбыз да бир. Жалпылыктарыбыздан улам алдыга кадам таштай аларыбызды билебиз", — деди ал.

Аталган сыйлык орус тилин жана маданиятын жайылтуу, евразиялык интеграцияны чагылдыруу, ошондой эле тарыхты сактоо багытындагы эмгектерге ыйгарылат.
Байге фонду 25 миллион рубль экени айтылды.
Сынактын кыска тизмесине Sputnik Кыргызстан агенттигинин кызматкерлери да кирген. Байге үчүн социалдык тармактардын шеф-редактору Асел Минбаева, радионун алып баруучусу Наталия Князева, баяндамачы, редактор Таалайбек Ороскулов жана баяндамачы Тимур Осмонов күч сынашууда.
Аршинова: "Евразия" фондунун сыйлыгын алам дегендердин саны 3,7 миң киши болду