Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин: душман курчалган жерге чет элдик, украин журналисттерин киргизүүгө даярбыз

Sputnik
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Россиянын Куралдуу күчтөрү каршылаш тараптын жана чет мамлекеттердин ЖМКларын курчоого алынган аймакка киргизүүгө каршы эмес жана ал жакта журналисттер жүргөн маалда ок атууну токтотууга даяр. Бул туурасында РФтин президенти Владимир Путин айтканын РИА Новости жазды.
Путин Москвадагы Петр Мандрыка атындагы аскердик борбордук клиникага барып, дарыланып жаткан атайын операциянын катышуучулары менен жолукту.

"Мен бул маселени тиешелүү топтордун жетекчилиги менен талкууладым. Алар каршылаштар курчалып турган аймакка жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн, чет элдик жана украиналык журналисттерди киргизүүгө каршы эмес. Алар кирип, ошол жакта эмне болуп жатканын өздөрү көрө алат", — деди ал.

Россия лидери токтолгон маанилүү учурлар:
россиялык аскерлер атайын операциянын бардык аймактарында алдыга жылып, натыйжалуу иштеп жатат;
душман Купянск менен Красноармейскиде тосулуп, курчоого алынды;
Украинанын саясий жетекчилиги курчоодо калган жарандары боюнча чечим кабыл алышы керек;
Россия кечээ суу алдынан жүрүүчү "Посейдон" аппаратын текшерди. Ал өзөктүк энергетикалык жабдуу менен жабдылган;
Путин, башкысы, украин тараптын чагымчылыгына кабылбоо экенин айтты.
"Кайсы бир дрон учуп келип, журналисттердин ичинен бирөө жабыркап, аны бизге жалаа кылып жаба салбашы керек. Бизге мындай нерсенин кереги жок", — деген РФ президенти.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
CNN: Трамп Зеленский согушту күчөтүүгө умтулуп жаткандай таасирде калды