Өкмөт тубаса ооруларды алдын алуу үчүн кош бойлуулар үчүн программа киргизет

Sputnik
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Министрлер кабинети тубаса ооруларды алдын алуу максатында кош бойлуу аялдар үчүн "Үмүт" программасын киргизүүнү пландап жатат. Тийиштүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.
Маалыматта "Үмүт" аталышындагы программа 2025-2030-жылдарды камтый турганы айтылат. Мында ар бир кош бойлуу аял 11-13 жана 18-21-жумада биохимиялык жана УЗИ текшерүүдөн өтүүгө милдеттүү болот. Ал аркылуу түйүлдүктө Даун, Эдвардс синдромдору сыяктуу тубаса оорулар же хромосомалык кемтиктердин бар-жогу эрте аныкталат.
"Бул үчүн ар бир облуста адистештирилген скрининг-борборлор түзүлөт. Алар УЗИ-аппараттар жана биохимиялык анализаторлор менен жабдылат", — деп айтылат долбоордун негиздемесинде.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жыл сайын жаңы төрөлгөн балдардын ичинен 2,5 миңден ашуун наристе тубаса кемтиги менен жарыкка келет, бул бардык төрөттөрдүн 1,9 пайызын түзөт. Акыркы төрт жылда майыптыкка алып келген тубаса аномалиясы бар балдардын саны 18 миңге жеткен.
Радио
Улуттук программанын алкагында эне-баланын өлүмүн кыскартуу иштери жигердүү жасалууда