БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Кыргызстан Камбар-Ата — 1 ГЭСинин курулушуна 1,5 миллиард доллар бөлөт. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев "Биринчи радиодогу" маегинде билдирди.
Анын айтымында, эсепке жер, суу, буга чейин бөлүнгөн 70 миллион доллар кошулат.
Ибраев гидроэлектростанциянын жалпы баасы 4,5 миллиард доллар турарын айтып, үч мамлекет (Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан) бирдей каражат саларын белгиледи. Директорлор кеңешин Кыргызстандын өкүлдөрү жетектейт.
"Эч кандай коркунуч жок. Коңшулар менен кызматташуу керек", — деди министр.
Эскерте кетсек, бул долбоордо Кыргызстандын үлүшү 34% болсо, коңшу өлкөлөрдүн (Казакстан, Өзбекстан) ар бириники 33%дан. Станциянын долбоордук кубаттуулугу 1860 мегаватт, ал эми жылына 5 миллиард киловатт-сааттан ашык электр энергиясын иштеп чыгара алат. Суу сактагычтын көлөмү 5,4 миллиард куб метрден ашат.