Витаминге бай кышкы салаттарды жабууда эмнелерге көңүл буруу керек?

Sputnik
Кышка салат жабууда банкаларды жана капкактарды стерилизациялоо өтө маанилүү. Банкаларды кайнак сууга салып 10-35 мүнөт кайнатуу керек. Мындай ыкма менен бактериялардан арылууга болот. Даяр салатты ысык бойдон стерилдүү банкаларга куюп, капкагын бекем жаап, кайра кайнатуу же бууда стерилизациялоо сунушталат. Ал эми оодарып, үстүнө жууркан жаап, ысытылган абалда бир күн бою кармоо салаттын жакшы сакталуусуна жардам берет. Мындан тышкары туура жана так өлчөмдөгү туз, уксус салаттын узак жана коопсуз сакталуусунун негизги шарты болуп саналат. Ушул эрежелерди сактоо менен үй шартында салат коопсуз жана даамдуу болот. Эгерде бул эрежелер сакталбаса, салатта “ботулизм” сыяктуу уулуу бактерия пайда болуп, адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизиши ыктымал. Кышкыга салат жабууда негизги эрежелер тууралуу кененирээк “Көз мончок” берүүбүздөн тыңдаңыздар.