БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин “Альфа” атайын бөлүгүнүн окуу-машыгуу борборунун ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу анын маалымат кызматы кабарлады.
Мамлекет башчысы Кыргызстанда терроризмге каршы күрөшүү боюнча атайын кызмат 1992-жылдын 27-октябрында түптөлгөнүн эске салды.
“1999-жылдын август-ноябрь айларында “Альфа” атайын операциялар бөлүмү Баткен облусуна кирген эл аралык бандиттик түзүлүштөрдү жок кылуу, барымтадагыларды бошотуу жана аскер кызматчыларынын коопсуздугун камсыз кылуу милдеттерин аткарган. Тоолуу аймакта бандалык түзүлүштөрдү ыкчам издөөгө, буктурмага алуу менен жок кылууга жигердүү катышкан”, — деди президент.
Ал ошондой эле аталган бөлүк эл аралык терроризм жана уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүдө чоң тажрыйбага ээ экенин, экстремисттерди жок кылуу, барымтадагыларды бошотуу, ошондой эле баңги синдикатынын жана террордук уюмдардын лидерлерин кармоо боюнча операцияларды жүргүзгөнүн белгиледи.
Мамлекет башчы жыл башында УКМК жетекчилигинин демилгеси менен Атайын багыттагы кызматтын окуу-машыгуу борборунун курулуш иштери башталганын билдирди.
“Кызматтын өздүк курамын чыңдоо максатында заманбап техникалар, акыркы үлгүдөгү аппараттар алынып берилүүдө. Борбордун базасында Жалал-Абад облусунун күч түзүмдөрү менен жарандык коргонуу түзүмдөрү да өздөрүнүн күжүрмөн даярдыгын жогорулатуу боюнча окуу-машыгууларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк алышты”, — деди Жапаров.
Иш-чаранын жүрүшүндө президент атайын багыттагы бөлүктүн согуштук даярдыгын жогорулатуу үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышып, окуу-машыгуу борборунун имаратын көрүп чыкты. Ошондой эле “Альфа” жоокерлеринин шарттуу террористтерди жок кылуу жана барымтадагыларды бошотуу көнүгүүлөрү боюнча тактикалык машыгууларын да көрдү.
Мындан тышкары, Садыр Жапаров бута атуучу жерге барып, FPV-дрондор колдонулган практикалык сабактарга катышты.