28-октябрга карата аба ырайы

28-октябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Шейшембиде күндүз айрым жерлерде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +17...+22, Талас аймагында +16...+21, Ош, Жалал-Абад өрөөндөрүндө +18...23, Баткен облусунда +17...+22, Ысык-Көл жергесинде +13...+18, Нарында +12...+17 градус жылуу болот.
Борбор калаада күндүн табы +19...+21, Ош шаарында +20...+22 градуска чейин көтөрүлөт.
Ошко Россиядан кезектеги азык-түлүк жардамы келди