БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Кыргызстан 2,5 жылдан кийин кышкысын электр энергиясын импорттобой калат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.
Ал бүгүн Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Көл ГЭСин ачканын маалымат катчысы Аскат Алагөзов кабарлады.
"2023-жылы инвестициялык макулдашуу бекитилип, сентябрь айында ГЭСтин курулушу башталган. План боюнча 2026-жылдын биринчи кварталында бүтмөк. Бирок графиктен беш ай эрте аяктап бизди кубантып жатышат", — деди президент.
Кара-Суу дарыясына курулган бул ГЭС заманбап технологиялык талаптарга жооп берген гидроэнергетикалык жабдуулар менен жабдылган.
"Курулуш иштерин толугу менен ата мекендик компания жүргүздү. Алар улуттук ресурстарга таянып, ийгиликтүү жыйынтыкка жетишти. Адистерибиздин олуттуу тажрыйба топтоп, энергетика тармагындагы жогорку квалификациялуу кадр катары калыптанып жатышы чоң жетишкендик. Долбоорду ишке ашырууга өз салымын кошкон бардык адистерге, куруучуларга, инженерлерге ыраазычылык билдирем", — деди ал.
Кара-Көл ГЭСин ата мекендик "Жагалмай" жоопкерчилиги чектелген коому ишке ашырган. Макулдашууга ылайык, алар ГЭСти 15 жыл иштетип, андан соң мамлекеттин менчигине өткөрүп бере турганы кошумчаланды.