Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Жеңилет. Жогорку Радада Украинадагы жаңжалдын кандай аяктаарын божомолдошту

Sputnik
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Украина кармашын токтотуу шарттары Владимир Зеленскийге 2022-жылы Стамбулда сунушталгандагысына караганда бир кыйла начар болот. Бул тууралуу Жогорку Раданын депутаты Вадим Ивченко эскерткенин РИА Новости агенттиги жазды.

"Бул (тынчтык — ред.) Украина каалаган шарттар менен болуп калбайт... Биз кепке келүү болорун түшүнүшүбүз керек", — деген ал.

Ошондой эле парламентарий кайсы бир макулдашуулар Украинасыз түзүлсө, анда Зеленскийди болгону бул тууралуу кабардар кылып, андан ары документке жазылгандарды аткарууга мажбурлашарын белгилеген.
"Андан кийин Трамп (АКШ президенти Дональд — ред.) акырын Европа лидерлери менен макулдашууларды жүргүзөт, ал эми Зеленский четтетилет, аны менен сүйлөшпөйт. Зеленскийди же ушуга макул болосуң, же Европанын колдоосунан куру каласың деген абалга кептейт. ЕБдин колдоосу болбосо толук жеңилет. Муну түшүнүп турабыз", — деген Ивченко.
Ишембиде Россиянын президентинин чет мамлекеттер менен инвестициялык-экономикалык кызматташуулар боюнча атайын өкүлү Кирилл Дмитриев CNN телеканалына курган маегинде Москва Украинадагы жаңжалды мүмкүн болушунча эртерээк чечкенге кызыкдар экенин айткан. Ошол эле учурда тынчтыкка Россиянын кызыкчылыктарын эске алуу менен гана жетүү мүмкүндүгүн белгилеген.
Дмитриев Fox News басылмасына курган маегинде Украинадагы чырды чечүү бир нече элементти камтый турганын айткан. Анын ичинде аймактар, Украинанын нейтралдуулугу жана коопсуздук кепилдиктери бар.
Россия президенти Владимир Путин Украина жаңжалын жөнгө салуу тууралуу сүйлөгөндө согуш кайра кайталанбашы үчүн биринчи кезекте чырдын келип чыгуу себептерин жоюу керектигин айтып келет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия, АКШ жана Украинанын дипломатиялык келишимине аз калды