БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Россия, АКШ жана Украина дипломатиялык келишимге келүүгө жакындап калды. Мындай пикирин Россиянын президентинин чет мамлекеттер менен инвестициялык-экономикалык кызматташтык боюнча атайын өкүлү Кирилл Дмитриев CNN телеканалына курган маегинде айтканын РИА Новости агенттиги жазды.
Анда Дмитриев Украинадагы жаңжалды аягына чыгарууга аз калганын айткан.
Маектеги маанилүү учурлар:
кепке келүү жолдорун издөө дурус жүрүүдө, АКШ түшүнбөстүктөрдөн улам жагдайга башкача карашы мүмкүн;
Россия согушка болушунча эртерээк чекит коюуну каалайт, бирок атышууну токтотуу менен эле жаңжал чечилип калбайт;
Россия ок атышууну токтотууну эле эмес, жаңжалды биротоло чечүүгө ниет кылат. Атышпоо тууралуу келишим каалаган күнү бузулушу мүмкүн, бул —маселени убактылуу гана чече ала турган чара;
президенттер Путин менен Трамптын жолугушуусу баштан-аяк кынтыксыз даярдалган соң, кийинчерээк өтөт. Америка лидеринин согушту жөнгө салуу боюнча аракеттери текке кетпейт;
биз, баарыбыз, бул жаңжалдын дипломатиялык жол менен чечилишин каалайбыз.