Мирлан Таалайбековду (Царикаевди) түндө төрт киши сабап кетти. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Муниципалдык инспекциянын жетекчиси Мирлан Таалайбековду (Царикаевди) түндө төрт киши сабап кетти.
Окуя болжол менен саат 01:30 чамасында борбор калаанын батышында болгон.
Таалайбеков (мурдагы кайгуул инспектору) жаагы жана тиши сынганын, башы, буту-колунан жаракат алганын биздин редакцияга билдирди. Учурда ал медициналык экспертизадан өтүп, ооруканада дарыланууда.
Анын мурдагы кесиптеши, инспектор Надыр Жусупов түндө окуя болгон жерге барган. Ал Царикаев аялы менен автоунаасында кетип баратканда Toyota автокөлүгү келип сүзгөнүн айтып берди.
Машинадан эки киши чыгып, ага дагы экөө кошулган. Алгач айтыша кетип, андан соң беркилер Таалайбековду караңгыраак жерге алып барып, сабашкан.
Инспектор Жусупов шектүүлөрдүн экөө качып кетип, бирок табылып, милиция бөлүмүнө жеткирилгенин айтты.

Ленин РИИБи Таалайбековго кол салуу боюнча иш козголгонун, төрт шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин билдирди. Милициядан алар беш жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал экенин кошумчалашты.

"Алардын бардыгынын жашы 28де жана мас болушкан", — дешти РИИБден.
Көлдө эс алып жүрүп көз жумган Алтынбектин окуясы боюнча милиция үн катты. Видео