Дүйнө чемпионаты: кыргызстандык балбан Таштанбекова коло медаль утту

Sputnik
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Гүлнура Таштанбекова Сербиянын Нови-Сад шаарында өтүп жаткан 23 жашка чейинкилер (U23) арасындагы дүйнө чемпионатында коло медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Спортчу 68 кг салмак категориясында кармашып, алгач мексикалык Дебанхи Тапия Гарсияны, чейрек финалда италиялык Лаура Годинону жеңип, жарым финалга чыкты. Анда түрк балбаны Несрин Бас менен болгон таймашта 6:8 эсебинде утулуп калды. Ал эми коло медаль үчүн беттеште Таштанбекова германиялык Герда Барфты 4:2 эсебинде утту.
Буга чейин ушул эле мелдеште Нуртаева 72 килограмм салмак категориясында дүйнө чемпиону болгон.
Олимпиадага чейин 18 спортчу 2000 долларлык стипендия алмай болду. Тизме