Бишкектеги "Күн балыктары" фонтаны жаңыртылды. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Бишкек шаарындагы "Күн балыктары" фонтаны жаңыртылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, оргума кум чачуу ыкмасы менен тазаланып, суу берүүнүн эски системасы, мозаиканын үстүндөгү ашыкча бетон катмары, жарык системасы алмаштырылды.
Фонтандын түбү, дубалдары жана эстеликтеринин кемтиктери тарыхый көрүнүшүнө ылайык калыбына келтирилип, мрамор, гранит менен жасалды.
Курулуштун айланасы толук көрктөндүрүлүп, жаңы брусчаткалар төшөлдү, отургучтар жана таштанды урналары коюлду. Жарыктандыруу заманбап, күн энергиясы менен иштеген чырактардын негизинде жасалды
Көк-Жар конушунда Чек ара кызматынын штаб-квартирасы курула баштады. Эскиз