ЕБ санкциялары: Кыргызстандын ТИМи эл аралык аудит жүргүзүүгө чакырды

Sputnik
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Тышкы иштер министрлиги Европа биримдиги Кыргызстандын юридикалык жактарын санкциялык тизмеге киргизгендигине байланыштуу өкүнүчүн билдирди.
Ведомство Кыргызстан эл аралык милдеттенмелерин так аткарып, санкцияларды айланып өтүү тобокелдиктерин алдын алуу боюнча ачык диалог жүргүзүп келе жатканын белгиледи.
ТИМ ЕБди кырдаалды объективдүү баалоо үчүн көз карандысыз эл аралык аудит жүргүзүүгө чакырган. Ошондой эле маалымат алмашуу жана транзакцияларды мониторинг жасоо үчүн биргелешкен техникалык топ түзүүнү сунуштады.
Эске салсак, Улуу Британиянын финансы министри 20-августта "Борбордук Азия Капитал Банкына" санкция киргизгени маалым болгон. Себеп катары финансылык мекеме Россияга карата батыш өлкөлөрү тарабынан киргизилген санкцияларды кыйгап өтүүгө жардам бериши мүмкүн деп айтылган.
Жапаров Нью-Йорктогу БУУ жыйынында Батыштын кош стандарты тууралуу айтты