БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Ички иштер органдарында каралып жаткан кылмыш иши боюнча оң чечим чыгаруу үчүн 50 миң доллар талап кылган делип Н.Д.М. аттуу укук коргоочу кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, Н.Д.М. жабырлануучунун кызыкчылыгын ар кандай мамлекеттик органдарда коргоп жүргөн.
"Шектүү ИИМ кызматкерлери менен сүйлөшүп койгонун айтып, айыпталуучуну камактан чыгаруу үчүн акча талап кылган. Ал 20 миң доллар алып жаткан учурда колго түшүрүлүп, камакка алынды", — деди атайын кызмат.
Учурда УКМК бул ишке милиция кызматкерлеринин катыштыгын текшерип жатат.