Балбан Нурзат Нуртаева жаштар арасында дүйнө чемпиону болду. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. U23 дүйнө чемпионатында балбан Нурзат Нуртаева 72 килограмм салмак категориясында дүйнө чемпиону болгонун Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Мелдеш Сербияда өттү. Финалга чейин Нуртаева Германия, Россия жана Япониянын спортчуларын утуп, чечүүчү беттешке жолдомо алган.
Ал эми алтын медаль үчүн болгон акыркы кармашта кыргызстандык спортчу 2024-жылдагы 20 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпиону, АКШлык Жасмин Долорес Робинсон менен күч сынашты.
"Биринчи бөлүктө Нуртаева 1:0 эсебинде алдыга чыккан, бирок экинчи бөлүктө 3:10 эсебинде утулуп жаткан. Ага карабастан, беттештин соңуна чейин күрөшүп, жыйынтыгында атаандашын 11:10 эсебинде утуп, дүйнө чемпиону болду", — деп айтылат маалыматта.
Бул жеңиш менен Нурзат Нуртаева 23 жашка чейинки спортчулар арасындагы дүйнө чемпиону наамын алган экинчи кыргызстандык балбан кыз болуп калды. Биринчиси 2021-жылы Айпери Медет кызы болгон.
Олимпиадага чейин 18 спортчу 2000 долларлык стипендия алмай болду. Тизме