БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Чек ара маселелерин толук чечип Борбор Азия мамлекеттери көсөмдүк кылышты. Бул тууралуу МГИМОнун Эл аралык изилдөөлөр институтунун илимий кызматкери Сергей Маркедонов Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн "Коопсуздук маселелерин чечүүдөгү ЕАЭБ өлкөлөрүнүн интеграциялык потенциалы" деп аталган видеокөпүрө учурунда билдирди.
Анын айтымында, Советтер Союзунун таркоо процесси уланууда.
МГИМОнун Эл аралык изилдөөлөр институтунун илимий кызматкери Сергей Маркедонов
"Баары 1991-жылы 8-декабрда Беловежскийде бүттү дегендер жаңылышат. Кавказда, Украина, Преднестровье, Борбор Азияда процесс жылдарга созулуп кеткенин көрүп жатабыз", — деди эксперт.
Маркедонов Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан чындап абалды жөнгө салуу процессин баштаганына токтолду.
"Үч мамлекет тең Россиянын маанилүү өнөктөштөрү, ар бири өзүнчө баалуу", — деди адис.
Ал аталган үч республиканын ортосундагы татаал мамиле Москва үчүн дагы дилемма болуп келгенин белгилеген.
"Эми ал баш оору жок, анткени мамлекеттер бардык маселесин чечип алды. Мында ЖККУнун да мааниси чоң. Тажикстан менен Кыргызстандын өкүлдөрү ушул структуранын алкагында да жолугуп жатты. Анан, албетте, тараптарды тил табышууга түртмөлөгөн Россиянын да салымы бар", — деди Маркедонов.