БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Бишкек мэриясы муниципалдык жердеги 1000ден ашуун гараждарды буза баштады. Бул туурасында шаар башчылыгынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Гараж ээлерине жерди беш күн ичинде бошотуу тууралуу эскертме берилген. Азырынча Репин — Космическая көчөлөрүнүн кесилишиндеги 701 гараждын 15и, ал эми Лумумба көчөсүндөгү 422 жайдын 10дон ашыгы алып салынды.
Калаа бийлиги бошогон жерлерге бала бакча жана сейил бак ачыла тургандыгын кабарлады.
Мэрия гараж ээлерин бул кадамдарды түшүнүү менен кабыл алууга жана кызматташууга чакырат. Бардык иштер мыйзам чегинде жүргүзүлүп, Бишкекти көрктөндүрүүгө жана жашоочулардын жашоо шартын жакшыртууга багытталган.